Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелип 59 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелип 59 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Люксембург айылынын Ч.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 14-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында Сергей аттуу чала таанышы үйүнүн терезелерин талкалап салганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 59 жаштагы С.С. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tulpar90
2016-11-17 13:03:51
Каарыганда бейбаштык кылып тообо .
+2
palina
2016-11-17 14:10:13
С.С арак ичели десе Ч.А макул болбой койгонго чамасы.жон эле бейбаштык кылбайтда пайгамбар жашка таяп калган немд.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан