"Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган Перизат Расулбек кызы акыры АКШга виза алды

"Дүйнө сулуусу-2016" сынагына Кыргыз өлкөсүнөн катыша турган Перизат Расулбек кызы акыры Америка Кошмо Штаттарына виза алды. Бул тууралуу Моделдик долбоорлорду уюштурган компаниянын директору Таттыбүбү Самидин кызы SUPER.KG'ге бүгүн, 17-ноябрда билдирди.

"Перизат өткөн жумада АКШ консулдугунан виза алды. 23-ноябрда Вашингтонду көздөй сапар алат. Жолдун узактыгы 1 күн, ал эми сынак 26-ноябрда башталат. 2 күндүн ичинде даярданууга мүмкүнчүлүгү бар. Сынактын талаптары боюнча, жанында эч ким болбойт. Финалга чыкса, албетте, биз барып жардамдашууга аракет кылабыз", - деди Самидин кызы.

Ошондой эле "Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын катышуучусу Перизат Расулбек кызына аталган компаниядан бөлөк бир да демөөрчү чыкпаганы белгилүү болду. Таттыбүбү Самидин кызы сынактын расмий сайтындагы ката оңдолгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, "Дүйнө сулуусу-2016" сынагынын сайтында Кыргыз өлкөсүнүн желегинин ордуна Казакстандыкы коюлуп, катышуучуга АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги виза берүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
dina1983-19
2016-11-17 13:24:08
Перизат барбай эле кой сен өзүң үчүн сулуусуң сулуулугуңду көрсөтүп не кыласын. Аялдын сулуулугун бир гана ээри көрүш керек башкасына көрсөтүү АРАМ.
+24
aseras
2016-11-17 13:29:01
Кайран гана акча
+9
zevs
2016-11-17 13:49:46
Suluu dele emes ekengo suluuluk konkursuna barat dese prinsessa elestetip alypmin
+10
Seryi-Kardinal
2016-11-17 14:20:54
baryp donald tramptan saiylyp kelet da
-12
Minka
2016-11-17 14:23:41
Seryi-Kardinal,koi jakwyna suiloson koldogondun orduna jaman suiloisun da uwu kantip bolsun
+6
Arslan12
2016-11-17 15:06:51
Seryi-Kardinal,Озун ошондой болсон керек да!
+4
admin_portal
2016-11-17 15:38:41
Arslan12,ainur78007, Djal1987, жеке айтышууларга купуя кат бар!
-3
ermekagupkr
2016-11-17 14:26:55
кыргыздар неге бироонун ийгилигин коро албайбыз...
+6
Rifle_I
2016-11-17 14:29:07
Ушул конкурс ХХХ да. Кыздарды чечиндирип дүйнөгө көрсөтүп. Эх ХХХ башканы ойлогондор. Аялдын сулуулугу жалгыз күйөөсүнө болсо бактылуулук.
+5
admin_portal
2016-11-17 16:21:01
Rifle_I, этика нормаларын сактаңыз!
-6
nur_zhoni
2016-11-17 15:19:02
Ийгилик каалайм ак жол
0
Sirduusezim
2016-11-17 15:43:43
Эми озу билет да. Ак жол ! Женил барып оор кел
0
Erlan_95
2016-11-17 21:57:46
Sirduusezim,сага окшогон кыргыз кыздарын рекламалайтда
0
TIMON_BERKOWITZ
2016-11-18 11:04:31
Sirduusezim,пустой барып, кош бойлуу болуп кел дегендей тушундум :D
+1
Solanum
2016-11-18 14:38:37
Перизат нукура чыныгы и сулуу!!! Боёнбойт,ичпейт,чекпейт,согунбойт,назик жузунон жылмайуу кетпеген абдан жонокой кыз,оз козум менен коргом. Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан