ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: 2013-жылы Татарстанда Boeing 737 учагы кыйроого учурап, 50 адам каза болгон

2013-жылы 17-ноябрда саат 19:23 чамасында Boeing 737-500 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташыган учак Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунан Татарстандын борбору Казань шаарына бара жатып аэропортко конор алдында кулап түшүп, күйүп кеткен. Жыйынтыгында учактын ичиндегилердин баары - 50 адам (44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү) курман болгон. Алардын арасында Татарстандын президентинин уулу Ирек Минниханов жана аталган өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын башчысы Александр Антонов болгон. Кырсык учакты колдонуудагы эреже бузуулардан улам келип чыккандыгы аныкталган.

17-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан