Индиянын Дели шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 19-апрель күнү кыргызстандык 2 спортчу коло медаль ээлешти. Маалым болгондой, таймашта мекендешибиз Азат Бейшебеков 84 килограммдык салмакта атаандаштар менен беттешип, 3-орунга ээ болсо, айымдар арасындагы мелдеште Мехрин Нурматова 48 килограмм салмактагылар арасында коло медаль алды. Ал эми дагы бир балбаныбыз Роман Царев (74 килограмм) 5-орунга татыктуу болду.