Бишкекте "жер тилкесин сатып берем" деп алдамчылык кылып жүргөн шаар тургуну кармалды

Бишкекте "жер тилкесин сатып берем" деген шылтоо менен акча алып, алдамчылык менен алектенип жүргөн шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Н. аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, жер тилкесин сатып берүүнү убадалап 3,5 миң долларын алып, качып жүргөнүн билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.Н. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал ушул сыяктуу башка кылмышка да шектелүүдө. Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
UsenovaAizada
2016-11-17 17:21:51
Ушу кантип алданбай жер алса болот, бизда Ак Ордо2 ден жер алалы дегенбиз бирок кызыл китеби жок экен. 4мин доллар деди кызыл китеп озум алып берем кепилдик берем деп бизди ишендирди иши кылса
0
bessmertnyi
2016-11-17 20:53:27
UsenovaAizada,. Албагыла, ишенбе андайларга. Гос Регистрден тактап анан алгыла. Департаментте (ДЖС) иштеген Жусупов Бакыт деген аксак бар. Ондогон адамдарды сыздатып журот. Мен да ишенип алып алып куйуп кеттим. Ошол акчам Бакыттын мойнунда акыреттик карыз. Акыретте суракта сурап алам.
0
UsenovaAizada
2016-11-17 22:56:10
ДЖС дегенди кандай тушунсо болот.
0
muke.kg
2016-11-18 00:35:21
2010 жылдан бери ОКМОТ Бишкек ша-н жана четинен уй салганга жер береэлек жана кызыл-китеп чыга элек.Элдер жер-улушу барлар 4-сотыхтан болуп сатып жатышат закон боюнча жер-улушун сатканга акысы бар.Ошондуктан жердин документин жакшы текшерип сатып алгыла сатып алгандан кийин силердин менчигинер болуп саналат.Ошондой эле элдер уй-салып жаткан жерлерден алып эл менен чогуу болсонор биздин окмот жакшы кызыл документи чыгарып берет.Азыр коп жерлер кызыл китепке стартта турат ЖК деп.улуксаат берди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан