Француз актрисасы Софи Марсо 1966-жылы 17-ноябрда Париж шаарында төрөлгөн. Актрисанын чыгармачылык карьерасы 14 жашында башталып, 1980-жылы "Бум" тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.
Андан соң 1982-жылы "Бум-2" тасмасына тартылып, "Сезар" кино сыйлыгына ээ болгон. Ал эми 16 жашында Жерар Депардье, Катрин Денев сыяктуу белгилүү кино адамдары менен бирге бир катар тасмаларда роль жараткан. Софи Марсо "Полиция", "Акылдан азган сүйүү", "Менин түндөрүм силердин күндөрүңөргө караганда мыкты", "Көгүлтүр нота", "Сүйүү ароматы", "Фанфан", "Д’Артаньяндын кызы", "Тайманбас жүрөк", "Анна Каренина", "Маркиза" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль аткарган.
17-ноябрга карата жылнаама.