Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун негизделгенине 75 жыл болду. Бул күндүн урматына борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданий иш-чара уюштурулду. Ага кыргыздын белгилүү режиссёрлору, операторлору, чыгармачыл инсандары, "Карек" балдар фестивалынын жеңүүчүлөрү жана медиа өкүлдөрү катышышты. Майрамдык мааракенин алкагында кыргыз киносунун тарыхын чагылдырган сүрөттөр көргөзмөгө коюлган.
Иш-чара кыргыз киносунун башталышы, өнүгүшү, кыргыз тасмалары жараткан ийгиликтер тууралуу баяндаган даректүү тасма менен башталды. Андан соң өлкө башчынын куттуктоосу окулуп, Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз киносуна анимациялык тасмаларды өнүктүрүүгө студия ачуу үчүн 2 миллион сомдук сертификат тапшырылды. Ошондой эле маараке белгилүү чыгармалардын сахналаштырылган көрсөтмөлөрү, ыр-күүлөр менен коштолду.