Борбор калаада чала таанышынын 8,5 миң доллар акчасын алып, бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз 56 жаштагы Ш.С. кайрылган. Анда ал 2013-жылы ноябрь айында М. аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, 8,5 миң доллар акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин бербей жүргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 57 жаштагы К.М. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.