1983-жылы 18-ноябрда Кобахидзе, Петвиашвили, Микаберидзе жана Церетели аттуу грузиялык террорчулар жана алардын тааныштары Тбилиси шаарындагы аэропортко жүргүнчү катары келишип, саат 15:43 чамасында алар отурган Ту-134 үлгүсүндөгү учак аба майданынан учуп чыгат. Учактын бортунда террорчуларды кошкондо 57 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон.
1 сааттан соң катуу шамалдан улам учак кайрадан Тбилисиге багыт алмак. Ошол учурда жардыргыч зат жана мылтык менен куралданган террорчулар учактагы адамдарды коркутуп, пилоттук кабинадагы адамдарга учактын багытын Түркияга бурууга буйрук беришет. Экипаж мүчөлөрү макул болбогон соң террорчулар ок чыгарып, жыйынтыгында эки тараптуу атышуу болуп кеткен. Учак Тбилисиге кайтып барып, ал жерде барымтадагыларды бошотуу үчүн чабуул коюлган. Террордук актынын жыйынтыгында 7 киши каза болуп, 10 адам жаракат алган. 2003-жылы режиссёр Заза Русадзе бул окуянын негизинде "Каракчылар" ("Бандиты") деп аталган даректүү тасма тарткан.
18-ноябрга карата жылнаама.