Бүгүн, 18-ноябрда америкалык актёр Оуэн Уилсон 48 жашка толду. Ал 1968-жылы АКШнын Техас штатынын Даллас шаарында төрөлгөн.
Уилсондун киного болгон биринчи кадамы өзгөчө ажиотаж жараткан эмес. Карьерасынын өсүшүнө актёр Бен Стиллер менен болгон жолугушуусу түрткү болгон. Ал Оуэнди өзүнүн бардык долбоорлоруна чакыра баштаган ("Үлгүлүү эркек", "Ата-эне менен таанышуу", "Укмуш түгөйлөр: Старски жана Хатч", "Музейдеги түн"). Актёр ошондой эле "Армагеддон" сыяктуу блокбастерлерде экинчи даражадагы ролдорду жараткан.
2000-жылдары ал атактуулукка жетишип, "Шанхайдагы чак түш" аттуу комедиялык вестернде актёр Жеки Чандын шеригин аткарган. Бул тасмадан кийин уландысы - "Шанхайлык баатырлар" комедиясы тартылган.
2001-жылы "Тененбаум үй-бүлөсү" тасмасы үчүн "Оскарга" талапкер болгон. 2005-жылы "Чакырылбаган коноктор" аттуу тасмага тартылып, Голливуддагы жогорку лигадагы актёрлордун тизмесине кошулган. 2006-жылы "Ал, мен жана анын достору" тасмасына тартылып, "Кол арабалар" мультфильминдеги каармандардын биринин үнүн коштогон.
18-ноябрга карата жылнаама.