SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Звери" тобунун ырчысы Бишкекте сейилдеп жүрөт" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Belle).
Видеодо орусиялык белгилүү "Звери" тобунун ырчысы Роман Билыктын Бишкек шаарында сейилдеп жүргөнү көрсөтүлөт. Ырчы бул тууралуу маалыматты өзү Инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөгөн. Анда ырчынын борбор калаадагы тамактануучу жайда тамактанганы, "Ала-Тоо" аянтында жана ак кар баскан сейил бактарда сейилдеп жүргөнү тартылган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.