Допинг колдонгону аныкталган атактуу футболчу Роман Еременко 2 жылга спорттон четтетилди

Орусиянын учурдагы чемпиону ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Роман Еременко боюнча УЕФА чечим чыгарды. Анын допинг колдонгону аныкталгандыктан, футболчу 2 жылга спорттон четтетилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Еременконун Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги тарабынан тыюу салынган кокаин затын колдонгону аныкталган. Бул зат баңгизаттарынын да катарын толуктайт.

Финляндия курамасынын 29 жаштагы футболчусу 2018-жылдын 6-октябрына чейин бир дагы мелдешке катыша албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан