"Медиа-портал" бөлүмүндөгү ырчы Анжеликанын "Жүрөгүмдөн" ырынын клиби тууралуу колдонуучулар "Бакыт Байсариевдин аялы менен кызы клиптин көркүн ачыптыр" деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Андыктан шоумендин келинчеги Наргиза Момунтаевага клипке кандайча тартылып калганы, тартуу учурундагы кыйынчылыктар тууралуу билүү үчүн байланышка чыктык.
"Анжелика менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Көпчүлүк майрамдарга, иш-чараларга кызым Майрам экөөбүз окшош кийинип барабыз. Андыктан ал өзүнүн клиптерине тартылууга чакырып калат. "Балалыгым" аттуу клибине да кызым экөөбүз тартылганбыз.
"Жүрөгүмдөн" ырынын клибине тартылуу кызыктуу болду. Кызым боюмда бар кезде 8 айына чейин бийлеп, иштеп жүргөм, анан декретке чыгып, кайра эле 6 айдан кийин жумушка чыктым. Атасы да бийчи, мен да бийчи болгондуктан, канында бар эмеспи, артисттик жөндөмү күчтүү. Андыктан съёмка учурунда кыйынчылык жаралган жок. Кызымдын бийлегенин, ролун мыкты аткарарын көрүп кубанып жаттым", - дейт Н.Момунтаева.
Анжеликанын "Жүрөгүмдөн" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.