Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-ноябрь күнү Ош шаарында катталган. Анда белгисиз жаран күч колдонуп, 18 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган.
"Бул фактынын негизинде ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.