Бишкекте өткөн Көк бөрү мелдешинде "Суусамыр" командасы жеңүүчү болду

Бишкектеги “Аккула” ат майданында 19-21-апрель күндөрү коомдук ишмер жана каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Оюндун финалдык беттешинде Чүйдүн “Суусамыр” жана “Бөрүлү” командалары улак талашып, 4:3 эсебинде “Суусамыр” командасы жеңүүчү болду. 2-орунду “Бөрүлү” ээлесе, 3-орунга “Кожомкул” командасы татыктуу болду. Ошондой эле "Эң мыкты оюнчу" наамы "Суусамыр" командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулуна тапшырылды. Айта кетсек, мелдешке көк бөрү боюнча Чүй облусунун 5 командасы катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан