Спортчу Антонина Шевченко 19-ноябрга караган түнү Америкада "Lion Fight 33" мелдешине катышып, чемпиондук курун сактап калды. Ал 61,2 килограмм салмакта чемпиондук наамын коргоп калуу үчүн голландиялык Илона Вижманс менен беттешти.
SUPER.KG порталына КРнын Тайбокс федерациясынан кабарлашкандай, беттеш 5 раундга созулган. Жыйынтыгында кыргыз спортчусу активдүүлүгүн көрсөтүп, упай айырмачылыгында жеңишке жетишти.