Ушу боюнча Бишкектин чемпиондугу өтөт

24-апрель күнү саат 12:00дө Бишкек шаарындагы “Сейтек” өспүрүмдөр борборунда салттык ушу спорту боюнча Бишкектин чемпиондугу башталат. Чемпиондукка 9 жаштан 70 жашка чейинки Бишкек шаарындагы ушу менен машыккан жарандар катышат. Анда спортчулар ушунун ар кандай багыттары боюнча күч сынашат. Ошондой эле ар түрдүү куралдар менен иштөө ыкмасы да көрсөтүлөт. Жыйынтыгында, Бишкектин күчтүү спортчулары тандалып, салттык ушу боюнча эл аралык мелдеш жана чемпиондуктарга катышуу үчүн КРнын Ушу федерациясынын курама командасы түзүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан