Руслан Түмөнбаев "Бээжин-2008" Олимпиадасынын күмүш медалын тагынып калуусу ыктымал

Балбан Руслан Түмөнбаев "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалын күмүш медалга алмаштыруусу мүмкүн, себеби Эл аралык олимпиада комитети допинг чырына байланыштуу дагы 16 спортчуну медалынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Тизмеде 60 килограмм салмакта күмүш медаль тагынган азербайжандык Виталий Рагимов да бар. Ага "допинг колдонгон" деген айып тагылууда.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул салмакта коло медалдарды казакстандык Нурбахыт Тенгизбаев жана мекендешибиз Руслан Түмөнбаев багынтышкан. Андыктан Рагимов күмүш медалынан ажыратылган соң медаль бул эки спортчунун бирине тиймекчи. Чечим жакын арада кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Seryi-Kardinal
2016-11-21 09:45:06
kazakka beret da baary bir
+1
Bars88
2016-11-21 09:50:25
Ошондо Рагимов кимди уткан экен.Кимди утса ошого берет болуш керек кумушту
+2
chon.alai.
2016-11-21 09:56:59
чындап колунардан ххххх келбейт хххх аласын дагы мам тин акчасын кетирип барып хххх жок кайтып келесинер
-3
chingizhan01
2016-11-21 10:29:57
chon.alai.,эй атынды озгортуп алчы, сенин ХХХ бут Чоналай элинин намысына тийип атат.
+6
admin_portal
2016-11-21 10:51:55
chingizhan01, этика нормаларын сактаңыз!
0
tulpar90
2016-11-21 11:58:44
chon.alai.,сенин Чон-Алайлык экенине кумонум бар.
+2
Dadasdasd
2016-11-21 12:03:06
Допингдин чыры бул жагынан алып караганда пайда да берет экен бизге.
+6
Kurstan_CR7
2016-11-21 12:04:23
1-местону алган спортчу экоонун кимисин утса ошого берилиши мумкун!
Тактап айтсак эгер бирди алган спортчу Тумонбаевти уткан болсо анда Тумонбаевке тийиши мумкун эгер наркыны (Рагимов) утса ошого берилиши мумкун!
0
gordaya
2016-11-21 12:46:31
Тумонбаевге тийип калса экен, эмнеге ал кайрадан барбайт олимпиадага, деги ал азыр кайда?
+1
bayana1987
2016-11-21 13:51:53
gordaya, ал азыр Дене-Тарбия жана спорт агенттигинде кызматкер.
0
erlist
2016-11-21 17:26:04
Тумонбаев рагимов менен курошкон эмес рагимов тенизбаевди(казак) утуп финалга чыккан ошондо казака берет болуш керек же очколорун санайт болуш керек
0
Muhtaruulu
2016-11-21 18:18:12
Туугандар, Казак спортчусу Фейсбук баракчасына, мен албайм деп жазып чыккан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан