Индиянын Канпур шаарында поезд рельстен чыгып кетип, 116 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрь күнү Уттар-Прадеш штатынын Канпур шаарына жакын жерде болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган 14 вагондуу поезд рельстен чыгып кетип, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен жабыр тарткандардын саны 200дөн ашып, 116 адам каза болгон. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз болууда.