Бүгүн, 21-ноябрда "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Ош-Бишкек жолунда" комедиялык тасмасы менен толукталды. Тасманын режиссёру - Ырыс Жоомартова, продюсери - Алымкан Таштанбекова. Анда актёр-актрисалар Адинай Кемелова, Бакыт Жанузаков роль жаратышкан.
Ырыс Жоомартова тасма тартуу учурунда чыгармачыл топ Оштун элин меймандостугу, камкордугу, ар дайым жардам бергендигине абдан ыраазы болуп, жакшы көрүп калганын айтат.
"Тасманын 80 пайызы Ош жергесинде тартылды. Аталган облустагы тамак-аштын арзандыгы, даамдуулугу, элинин меймандостугу кубантып жатты. Тасма тартуу учурунда чыгармачыл топ Ошту аябай жакшы көрүп калды. Тамак-аштын арзандыгынан үйдөн тамак ичпей, көчөдөн ичип жаттык.
Тартуу иштери кызыктуу болду. Башкы каармандар орус чалыш болгондуктан, аларга кыргызча тексттерди жаттоо кыйынчылык жаратып жатты. Тасма 2 айдан ашуун убакытта тартылып бүттү. Ош мамлекеттик университетинин ректоруна, Кыргыз драма театрына колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деди Ы.Жоомартова.
Тасмада шаардык кыз Ошко таенесинин үйүнө конокко жөнөйт. Ал Ош-Бишкек жолунда сүйүүсүн жолуктурат, бирок жигиттин ата-энеси башка кызга сөйкө салып, кудалашып койгон болот. Тасмада ушул окуянын айланасында түшүнбөстүктөр жаралат.
"Ош-Бишкек жолунда" тасмасын бул жерден көрүңүз.