Панфилов районунда 42 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсүн бычактап салды

Панфилов районунда 42 жаштагы аял "жарандык никедеги күйөөсүн бычактаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрь күнү аталган райондун Панфилов айылындагы турак үйлөрдүн биринде болгон.

"42 жаштагы аял жарандык никедеги күйөөсү, 57 жаштагы В.В. менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Кийин аны ашкана бычагы менен ичке сайып салган. Анын кесепетинен В.В. ошол жерден каза болгон. Учурда 42 жаштагы Ш.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adyl.xxxxx
2016-11-21 13:23:40
в.в.га канча айттым коой спирт ичимдиктерин ичпее, ичсең ш.т өлтүрүп коет деп укпады не кылайын
+11
bektemiroff994
2016-11-21 14:10:37
Кыргызстан барган сайын кайда баратабыз билбейм,ушул сайтты ачсан эле,тоноп кетип аткан,олтуруп аткан,атып салган,ур токмоко алган,орттонгон,авария болгон деген жанылыктарды окуйбуз,Кыргызстанда бир соо адам калдыбы,баарыбыз абайлап Аллах Таалага тообо келтирип,ыйманыбызды бекем кылып журолучу туугандар,ыйманыбыз кете баштады,баардык кырсык балээлер болуп атат!((
0
leilek_suluktu
2016-11-21 14:17:49
оз куйосун менен да арак ичеби тообо оз куйосун кантип олтурду экен кантип колу барды.
+1
MOSKVICH
2016-11-21 14:24:00
leilek_suluktu, Орустар куйоосу менен эле эмес атасы апасы мн да бирге отуруп иче беришет. В.В дегенге караганда ошол улуттун окулдору.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан