Испаниянын чемпиондугунун 12-турунда мадриддик командалар "Реал" менен "Атлетико" кез келип, беттеш коноктордун жеңиши менен аяктаган. 3:0 эсебинде аяктаган оюнда бардык голдорду Криштиану Роналду жаратты.
Испаниялык басылмалар бул оюнду талкуулап бүтө элек. "Cope" басылмасы Криштиану Роналду менен "Атлетиконун" оюнчусу Кокенин ортосундагы пикир келишпестик учурунда эмне сөз болгонун иликтешти. Басылма кабарлагандай, Коке атаандашына "Сен гейсиң!" деп айткан. Буга жооп катары Криштиану Роналду "Ооба, мен геймин. Бирок менде акча өтө көп" деген.