Жумгалда аялын жана аны менен өбүшүп жаткан адамды бычактап өлтүргөн жаран боюнча Нарын облустук сотунун чечими күчүндө калды

Жумгалда аялын жана аны менен өбүшүп жаткан адамды бычактап өлтүргөн жаран боюнча Нарын облустук сотунун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Жогорку Соттун соттук коллегиясы чыгарган.

Айта кетсек, окуя 2015-жылдын 1-январында болгон. Анда 1977-жылы туулган Т.Тыныстанбек 1982-жылы туулган О.Б. аттуу жубайы Миң-Куш айылынын 1990-жылы туулган тургуну К.Н. менен өбүшүп жатканын көрүп, экөөнү тең бычактап салган. Алган жараатынан улам К.Н. ооруканага жетпей каза тапса, О.Б. ооруканадан каза болгон.

Окуя болгон учурда Т.Тыныстанбектин үйүнө 1993-жылы туулган К.Жакшылык барып калып, жабырлануучулардын жерде жатканын көргөн. Тыныстанбек аны да өлтүрөм деп жулунганда бычагы жерге түшүп калган. Ошондо К.Жакшылык бычакты алып, Т.Тыныстанбекти бир нече жолу сайган.

Аталган ишти 2016-жылдын 20-майында Кочкор райондук соту карап, Т.Тыныстанбекти 15 жыл, ал эми К.Жакшылыкты 5 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө Т.Тыныстанбектин жактоочусу апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Бирок Нарын облустук соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
leilekstan_1987
2016-11-21 17:15:57
Бул жерде К Жакшылыктын куноосу жок. Жок жерден камалып кетиптир
+11
ekaterinburg
2016-11-21 17:28:41
leilekstan_1987,Убийство, совершенное при превышении пределов необходимой обороны, -деген берене бар.Адам олтуруп атпайбы,эмнеге куноосу жок.
-12
burulka1959
2016-11-21 23:08:38
ekaterinburg, Жакшылык эч кимди олтургон жок, жакшылап окусан. Озун-озу коргоп бычак сайган экен.
+2
UlukmanKalyev
2016-11-21 17:54:42
Аялдарга ынсап берсин. Күйөөсү кызганычтан улам кесилип кетти.
+5
Asylbek1981
2016-11-21 18:02:35
Эркектер аялдарынарды жакшылап карагыла, башка аялдарды карай бербей. Жакшылап карасан, аялын башкага жолобосо керек. Аялга маани бербей журо берсен, ал дагы ысык жанда,ХХХ. Ошондуктан эркелетип, ХХХ акыны берип туруш керек.
+8
Abubakir05
2016-11-21 18:36:51
Эркек дагы аял дагы уйунон таппаган жылуулукту жубайынан укбаган жагымдуу жылуу созду башканан издейт ошон учун аялбы эркекби бирин бири сыйлап тушунуп турса жакшы созун аябаса башкага конул да бурбайт.Жубайынан таппаган жылуулукту башканан издейт.
+6
Emil0211
2016-11-21 20:07:19
Тыныстанбекке 15 жыл коп берип коюптур.5жыл жетмек да
+1
Rifle_I
2016-11-22 08:39:55
Менимче Тыныстанбекти үй камагына чыгарса болот эле. Башка ойнош күткөн аялдар, анын ойноштору жоголот эле. Эркектин намысы күчтүү болот, аялын кызганып өлтүрүп салыптыр экөөн тең.
Ачуулукка алдырып, кабыл алган чечимден баш тартуу кыйын болот.
0
Mirzohidjon
2016-11-21 21:07:30
О.Б.га айтканмын К.Н.га козунду сузбо дееп. а то жибин узуп кетсе ооп салат деп, укпады... Башка О.Б.ларга сабак болсун эми
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан