Бишкекте шаар тургунун медициналык окуу жайга өткөрүү үчүн акча алып, бирок убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды

Бишкекте шаар тургунун медициналык окуу жайга өткөрүү үчүн акча алып, бирок убадасын аткарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июль айында 19 жаштагы Ш.Э. аттуу шаар тургуну Улан аттуу чала тааныш адамга 3500 доллар берген. Ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өткөрүүнү убадалаган. Бирок убадасын аткарбай, дайынсыз жок болуп кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 35 жаштагы С.У. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан