Бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте "Москва-1980" Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш старт алды. Мелдештин ачылышына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, мамлекеттик ишмер Темир Сариев, Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты.
Спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке Кыргыз мамлекетинин, Тажикстандын жана Казакстандын спортчулары катышууда. Анда жалпысынан уландар арасында 8 салмакта, кыз-келиндер арасында 7 салмакта чемпиондор аныкталмакчы.