Бүгүн, 22-ноябрда ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын 5-тур оюндары орун алат. Анда 4 тайпада экиден оюн болот.
Күндүн башкы беттештери "E" жана "G" тайпаларында орун алат. Англиялык "Тоттенхэм" конокто "Монакодон" упай алып, тайпадан чыгуу аракетин кызуу көрмөкчү.
"G" тайпасында болсо данялык "Копенгаген" клубу айтылуу португалиялык "Портуну" артка таштап кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок португалиялыктардын оңой багынбай турганы бүгүнкү оюндун кызыктуу экенинен кабар берет.
ЦСКА-"Байер" беттеши 23:00дө башталат. Калган беттештерге 01:45те старт берилмекчи.
“E” тайпасы
ЦСКА (Орусия)-"Байер" (Германия)
"Монако" (Франция)-"Тоттенхэм" (Англия)
“F” тайпасы
“Боруссия” (Д, Германия)-“Легия” (Польша)
“Спортинг” (Португалия)-“Реал” (Испания)
“G” тайпасы
“Копенгаген” (Дания)-“Порту” (Португалия)
“Лестер” (Англия)-“Брюгге” (Бельгия)
“H” тайпасы
“Севилья” (Испания)-“Ювентус” (Италия)
“Динамо” (Хорватия)-“Лион” (Франция)