Жалал-Абад облусунун аймагында "Мал уурулук" операциясы аталышындагы рейд жүрүп, 13 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунда мал уурулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында эки күндүк рейд жүргүзүлүп, 13 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинен 7 мал уурулук, 4 башка буюмдарга тиешелүү уурулук, 1 тоноо, 1 каракчылыктын бети ачылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.