Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен Орусиянын көрүнүктүү спортчусу Фёдор Емельяненко элдешти. Бул тууралуу дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедовго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар кабарлашты.
"Фёдор дагы, Рамзан Ахматович дагы өз иштерин мыкты билген адамдар. Ар бир адам өз пикирин айтканга укуктуу. Менин угушума караганда, алар өз ара сүйлөшүп, элдешип алышты. Пикир келишпестик артта калды", - деп билдирген Хабиб.
Кошумчалай кетсек, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик Фёдордун сөздөрүнөн кийин башталган. Ал Рамзан Кадыровдун 10 жашка чыга элек уулдарынын 8 бурчтукка кирип, мушташ өткөрүп жатканы туура эмес экенин айткан. Ал эми Рамзан Кадыров жооп катары бул жөн гана көрсөтмө беттештер экенин айткан.
Эки тарап айтышып жаткан кезде Фёдордун кызына кол салуу болгон. Бул көрүнүштү Кадыров караңгылык катары баалап, кызга кол салгандар мыйзам чегинде жаза алуусу керектигин айткан.