Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-ноябрь күнү Бостери айылында катталган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен Форд үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын 1951-жылы туулган айдоочусу кырсык катталган жерден каза болгон. Ал эми Лексус унаасынын айдоочусу Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.