Жалал-Абад облусунда диний-экстремисттик топтун мүчөсү соттолду

Жалал-Абад облусунда диний-экстремисттик топтун мүчөсү соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Ноокен районунун тургуну Мирбек Дүйшөбаевдин үйү тинтүүгө алынган. Анын жыйынтыгында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү материалдар табылган.

19-августта бул ишти Ноокен райондук соту карап, Мирбек Дүйшөбаевди “экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде 7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген. Соттун өкүмү менен макул болбогон соттолуучу Дүйшөбаев апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

13-октябрда ишти Жалал-Абад облустук соту карап, Ноокен райондук сотунун 2016-жылдын 19-августундагы өкүмү өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза белгилөө) негизинде Мирбек Дүйшөбаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан