2010-жылы 22-ноябрда Камбоджанын борбору Пномпень шаарында улуттук майрам болгон Суу фестивалы өтүп жаткан учурда тыгын болуп, анын кесепетинен 456 киши каза болуп, 500дөн ашууну ар кандай жаракат алган.
Майрамга карата Тонлесап дарыясынын үстүндөгү көпүрөдө фейерверктерди жана кайыктардын жарышын көрүү үчүн 1000 чамалуу адам чогулган. Адамдардын калың тобу тар көпүрөгө батпай тыгын жаралып, бир нече адам көз жумган. Кээ бир адамдар сууга секирип түшүп, чөгүп өлүшкөн. Бул окуяга байланыштуу Камбоджанын премьер-министри Хун Сен 2010-жылдын 25-ноябрын аза күтүү күнү деп жарыялаган.
22-ноябрга карата жылнаама.