Ошто айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Бул окуядан кийин маркумдун эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан.
"Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.Б., Д.А., М.К. жана 1993-жылы туулган М.Б. кармалган. Алардын айтымдарында, К.Бнын үйүндө ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп коюшкан", - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.