Куньмин-Пекин унаа жолунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-ноябрда Шаньси провинциясында болгон. Анда жол кырсыгына 56 унаа кабылган. Анын кесепетинен 17 адам каза болуп, 37 адам денесинен ар кандай жарааттарды алышкан. Сүзүшкөн унаалардын көпчүлүгү оор жүк ташуучу унаалар экени аныкталган.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгышына суу кар себеп болгон.