Бишкекте унаанын ичинен 700 миң долларды уурдап кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 18-ноябрь күнү саат 17:19 чамасында Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз жаран токтоп турган Лексус GX-470 үлгүсүндөгү унаасын тандалма пульт аркылуу ачып, 700 миң доллар салынган кара сумканы алып кеткен.
“Ири суммадагы акча И.Г. аттуу жаранга таандык болгон. Учурда кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү изделүүдө”, - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.