Эртең, 23-ноябрда "Тумар" бийчилер тобу Словакиянын борбор калаасы Братиславада өтө турган "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" Эл аралык сынагынын финалына катышуу үчүн учуп кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган топтун мүчөсү жана жетекчиси Эрмек Кадыров билдирди.
"Буюрса, эртең кечинде учуп кетебиз. Учурда даярдыктарыбыз жакшы. Сынактын финалы 27-ноябрда өтүп, түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Андан соң добуш берүүгө коюлуп, жеңүүчүлөрдүн ысымдары 28-ноябрда айтылат", - дейт Э.Кадыров.
Белгилей кетсек, 6-июнда "Тумар" бийчилер тобу жогоруда аталган эл аралык сынактын финалына өткөн.