Ош шаарынын тургуну 2 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүндөгү турак үй текшерүүгө алынган. Натыйжада мештин жанынан 2 кара пакет табылган. Анын ичинде 1 килограмм 864 грамм героин болгон. Учурда 1966-жылы туулган үй ээсине кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.