Мушкер Саманта Диаз мелдештердин бирине келип, уюштуруучуларга так салмагын көрсөтмөк. Бирок анын салмагы белгиленген салмактан ашып калган. Спортчунун салмагы өзү беттеш өткөрүп жүргөн салмактан ашпоого тийиш эле (жетпей калса мелдешке катыша берет).
Диаз салмак кубалап тажаганбы, айтор, салмагы ашык экенин көрүп, кызыктуу "ыкманы" ишке ашырды. Ал чачын кырктырып, үстүндөгү кийимдерин толук чечип салган. Ушундай жол менен "таразаны алдаган" спортчу кыздын машыктыруучулары анын тапкычтыгына баа беришти.