Куудул Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерти болуп өттү (фото)

22-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында куудул Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү концерти өткөрүлдү. Ага маркумдун уулу Санжар Бердибеков, ырчылар Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Кахарова, Динара Акулова жана башкалар, сахналаш достору, күйөрмандары, туугандары келишти.

Алгач куудулдун өмүр баяны баяндалган даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң бийчилер чыгып концертти баштап беришти. Концерттин алып баруучусу Ырысбек Жантөрөев Манас Бердибеков тууралуу "ал киши кандай кырдаал болбосун сөз таап кутулуп кеткен адам болчу" деп төмөндөгү тамашаларын айтты:

Бир күнү Манас агайдын үйүнө ууру кирип калат. Бейтааныш бирөөнүн киргенин сезген куудул досу Рахмандын үйүнө качып кетип калыптыр. Түнкү саат үчтө барып ач эле ач деп терезесин такылдатып кирет. "Ай, эмне болду?" деп сураса, "үйгө ууру кирди" дептир. "Эмне келе бердиң? Жүрү анда ууруну кармайлы" десе, "жок, үйдө уурдаганга эч нерсе жок экенинен уялып качып кеттим" дептир.

Бир күнү Манас байке унаасы менен айланып өтчү жолдон айланбай эле бурула койсо, МАИ кызматкери көрүп, тосуп калыптыр.
- Манас байке, сиз ушинтсеңиз башкалар эмне кылат?
- Мен эмне кылдым?
- Айланып өтүшүңүз керек болчу.
- Аябай шашып жаттым эле, башка күнү келип 2-3 жолу айланып кетейинчи, - дептир Манас Бердибеков.

Андан кийин сахнага чыккан ырчы, куудул Борончу Кудайбергенов "Манас Бердибеков аялзаты тууралуу тамашаларды айтканды жакшы көрчү" деп Адам ата менен Обо эне тууралуу тамашаны айтты. "Аялзаты көп сүйлөйт. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, аялзаты күн сайын 35 миң сөз, эркек 10 миң сөз сүйлөйт. А сен жумуштан келгенче аялдын сүйлөө лимити түгөнө элек болот. Ошон үчүн анын сөздөрүн чыдап угуп коюш керек, эгер сүйлөбөсө, анда стресс болот", - деген тамашаны айтып өттү.

Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов "атам Манас Бердибековду жакшы көргөндүктөн, менин атымды Манас коюшкан" деп атасынын "Шорпо" деген тамашалуу ырын аткарды.

Ырчылар Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Динара Акулова Манас Бердибековдун кайталангыс талант экенин айтышып, репертуарындагы өмүр, жашоо, сүйүү тууралуу чыгармаларды аткарышты.

Манас Бердибековдун 60 жылдыгына арналган эскерүү кече өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ekaterinburg
2016-11-23 09:26:31
Очпос танлант!Жаткан жериниз жайлуу болсун!Оомийин.
+4
bahbrat
2016-11-23 10:07:37
Апеей ботом, достор, шакирттери жокко. Кана Рахман, Абдылда, Жамбыл и т
+2
kani-esen
2016-11-23 11:09:56
bahbrat,Абдылда менен Рахман Тынар
буларды залга киргизбей жатышат.
Бийлике сын айтышканы учун.
+9
Lewa90
2016-11-23 11:57:14
Эптемей эскеру болуп калыптыр жакшылап даярданса болмок.
0
Aytur
2016-11-23 17:59:31
Концертти жакшы уюштурбай коюшуптур ошондуктан чон куудулдар келбей калды аялы эле уюштуруп койгон экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан