СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов 1899-жылы 23-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган. Актёрдун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт.
Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун, табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өрчүтүп, чеберчилигин арттырууга жетишкен. Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун, "Король Лиринен" падыша Лирдин, М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкаларындагы" Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин "Атанын тагдырынан" Акылбектин) образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык мааракесинде Муратбек Рыскулов падыша Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган. Таланттуу актёр тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген.
Актёрдун жубайы – анын кесиптеши, Кыргыз ССРинин Эл артисти Сабира Күмүшалиева болгон. Эки шайырдын бирге жашашы
бири-бирине канат-бутак болуп, жемиштүү иштегенге шарт түзгөн. Алар бир канча жыл бирге сахнада, үй-бүлөлүк турмушта тагдырдын ысык-суугун да бирге бөлүшкөн. Залкар актёрдун көзү өткөн соң жубайы С.Күмүшалиева: “Сахнада залкар актёр, үйдө мыкты ата, ак көңүл, кишиге катуу сүйлөбөгөн, оор басырыктуу жан эле. Экөөбүз “сен, мен” дешкен жокпуз, мага жаман сөз айтып, көңүлүмдү калтырган эмес. Мукем алып берген нерселер көзү өтсө да ошол бойдон күнү бүгүнкүсүндөй турат. Алмаштырбайм! Мукемдин колу тийген нерсенин баары мен үчүн кымбат”, - деп эскерген. Артисттер 38 жыл бирге жашашып, төрт баланы өстүрүшкөн.
23-ноябрга карата жылнаама.