Чемпиондор Лигасында "Боруссиянын" футболчулары "Легиянын" дарбазасына 8 гол киргизишти, ЦСКА менен "Тоттенхэм" мелдештен четтеди

23-ноябрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын 5-турунда 4 тайпада оюндар орун алды. Жыйынтыгында айрым командалар мелдеш менен коштошсо, айрымдары кийинки турга жолдомо алышты.

Германияда орун алган "Боруссия"-"Легия" беттешинде жалпысынан 12 гол киргизилди. Анын 8ин германиялыктар, 4 голду польшалыктар киргизишти.

“E” тайпасы

Бул тайпада кийинки турга чыккканга 4 команданын мүмкүнчүлүгү бирдей бааланган, бирок франциялык команда гана мыкты болуп чыкты. "Монакодо" 11 упай, "Байерде" 7 упай бар. Дал ушул эки команда мелдештин кийинки баскычына жолдомо алды. Ал эми 4 упай алган "Тоттенхэм" менен 3 упайы бар ЦСКА акыркы турда өз ара беттешип, 3-орунду талашмакчы. Өзүңүздөр жакшы билгендей, тайпада 3-орунду ээлеген команда Европа Лигасына жолдомо алат.

ЦСКА (Орусия)-"Байер" (Германия) - 1:1

"Монако" (Франция)-"Тоттенхэм" (Англия) - 2:1

“F” тайпасы

Бул тайпада мурунтан эле баары чечилген: "Боруссия" менен "Реал" талашсыз түрдө алдынкы эки орунду ээлеп турат. Ошентсе да 6-турда орун алчу "Реал"-"Боруссия" беттеши кызык болору күтүлүүдө. Анда тайпадан кайсы команданын 1-орунду ээлеп чыгары негизги тема болмокчу. Азырынча "Боруссиянын" карамагында 13 упай, "Реалдын" карамагында 11 упай бар. Ал эми "Спортинг" 3 упайы менне 3-орунду ээлеп турса, акыркы орундагы "Легиянын" эсебинде 1 гана упай бар.

“Боруссия” (Д, Германия)-“Легия” (Польша) - 8:4

“Спортинг” (Португалия)-“Реал” (Испания) - 1:2

“G” тайпасы

Англиянын чемпиону "Лестер" клубу Синдзи Оказаки жана Рияд Махрездин голдорунун жардамы менен "Брюггени" утуп алды. Муну менен алар Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына 1-орунду ээлеп чыга алышты.

Кийинки орунду "Порту" (8 упай) менен "Копенгаген" талашып келүүдө. Акыркы турда дал ушул эки команданын бири акыркы жолдомолордун бирин алып, плей-оффко жолдомо алмакчы. Анда "Порту" өз үйүндө "Лестерге", "Копенгаген" конокто "Брюггеге" каршы турат.
"Брюгге" бул мелдеште бир дагы упай ала албаган 2 команданын бири (экинчиси загребдик "Динамо"). Бул команда азырынча үчтөн упай таратып берип отуруп калууда.

“Копенгаген” (Дания)-“Порту” (Португалия) - 0:0

“Лестер” (Англия)-“Брюгге” (Бельгия) - 2:1

“H” тайпасы

“Севилья” (Испания)-“Ювентус” (Италия) - 1:3

“Динамо” (Хорватия)-“Лион” (Франция) - 0:1

Италиянын чемпиону "Ювентус" конокто негизги атаандашы "Севильянын" үстүнөн жеңишке жетишүү менен упайларынын санын 11ге жеткирди. Плей-оффко жолдомо алуу менен катар туриндиктер "Севильяны" туңгуюкка түрткөндөй болушту, себеби карамагында 10 упай бар испаниялык команда акыркы турда конокто "Лион" менен беттешет. "Лиондун" карамагында 7 упай бар. Эгерде 2:0 эсебинде же ири эсепте ута турган болсо, франциялык команданын кийинки турга чыкканга мүмкүнчүлүгү өтө жогору.

3 команданын атаандаштыгы өкүм сүргөн бул тайпада хорватиялык "Динамо" командасы 1 дагы упай ала элек. Команда 5 оюнда өз дарабазасына 13 гол өткөрүп жиберген. Жооп катары киргизилген голдордун саны да нөлгө барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot..kg
2016-11-23 09:13:58
Реал Мадрид
-2
muzibrat93
2016-11-23 09:56:38
Акыркы жылдары Боруссиялык дортмунд гранд делген клубдардын катарына мыктылыгын коргозуп келет мисалы кечээки ойуну Чемпиондор лигасында болбогон рекорд жаратты Бундес чемпионатында Мурунку кундору Мюнхендик Баварияны утуп алган бул Дортмунд Алдынан чыкканын чачыратканы калды,,, Лестер да жомогу бутпойт окшойт Лига Чемптен бир да утулбай плей оффтук баскычка отту,,, Реал тырышып тырмышып атып Спортингди аран олбо жаным деп утту откондо Легия менен ойногонуна кулку келди,,, мына ушундай менин ойу
+1
Lewa90
2016-11-23 10:16:56
Реал канча оюндан бери жениле элек ким билет?
-1
Zynk.kg
2016-11-23 10:27:13
Реал чемпион болот буйруса.
0
radroy
2016-11-23 10:34:04
Реа боруссияны утуп алат жон эле
0
rustin13
2016-11-23 10:36:42
radroy,бардык зорлорду жыйып алган чемпион болота ,ким зор чыкса сразу сатып алат..боруссия,атлетико мадрид дегендер оз кучу менен ойнойт
0
elmurat.kg
2016-11-23 19:28:10
севилья 3жолу катары менен ЕВРОПА лигасын уткан.эми утулайн дешсе керек дагы европа лигасында калуу учун .а так уэфада ута албайт баары бир.атайын утулуп бериши мумкун коросунорго ушул оюм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан