Жалал-Абад облусунда 900дөн ашуун адамдан 8,5 миллион сом акча алып, бербей жүргөн аял кармалды

Жалал-Абад облусунда 900дөн ашуун адамдан 8,5 миллион сом акча алып, бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокен районундагы Масы айылынын тургуну Уулкан Каримова 2013-жылы “Бекбол Эл” бирикмесин түзгөн. Ал ошол эле жылдын август айында “Концерн Барс Кейжи Инвест” ассоциациясы менен келишим түзүп, 900дөн ашуун жаранга 50 миң доллардан 2 миллион долларга чейин пайызы жок насыя алып берүүнү убадалаган. Мындан улам ар бир жарандан 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча алып, бирок берген убадасын аткарган эмес. Жалпы элден чогулган акча 8,5 миллион сомдон ашкан.

"Учурда кылмышка шектүү Уулкан Каримова кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дейт Турдубеков.

Ал эми Уулкан Каримова жергиликтүү телеканалдардын бирине: "Кытай тараптын колдоосундагы бул долбоор жакырчылыкты жоюуга багытталган. Насыянын кечеңдешине Кытай элчилигиндеги жардыруу себеп болууда. Жакында убадаланган акчалар өз ээлерин табат", - деп комментарий берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
taalay25
2016-11-23 13:27:45
Мына сага тамаша
+1
mirlanpiter
2016-11-23 13:41:18
ХХХ аял,,,,,
+1
admin_portal
2016-11-23 17:23:22
mirlanpiter, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Santanna
2016-11-23 13:41:47
Арам акча бул аялга ХХХ ХХХ тооба кылдым
-2
admin_portal
2016-11-23 17:23:43
Santanna, этика нормаларын сактаңыз!
-1
etaj_rus79
2016-11-23 14:03:14
тааныш корунуп жатат бул аял ноокен ройонунун базарында журо берет болчу
0
bond0202
2016-11-23 14:50:17
ХХХ десе,корунуп эле турат ХХХ экени
+1
djigit90
2016-11-23 15:55:12
bond0202,ХХХ дейсизби бети туратко бир ХХХ ХХХ бекер акчага бекер тамак
0
admin_portal
2016-11-23 17:24:10
djigit90, bond0202, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол берилбейт! Эскертүү!
-2
mirkaa5182
2016-11-23 14:57:28
Коркпогон аял экен да
0
Mirzohidjon
2016-11-23 17:54:53
Курсагын ачсанар ошол жерде акчасы, мен билем гооо
+1
Nurkyz1977
2016-11-24 11:48:39
Бироонун мээнетин жеп арам акча аш болбой тулуптай болуп шишип кеткен го жакында жарылат ко чамасы.
0
semo
2016-11-24 21:15:29
Адамдар өздөрү күнөлү 50миң долларды ким берет азыр еч ким бербейт ач көз адамдар биринчи чуркап барат ушу окшогондорго анан бармагын тиштеп кала беришет
0
tophik86
2016-11-24 22:09:16
окмот каякты карап жатат тийиштуу чараларды алдын ала коруу болбосо жон еле ХХХ
0
admin_portal
2016-11-25 09:39:19
tophik86, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан