Бүгүн ырчы Гүлзат Байзакова 51 жашка толду. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп жүрүп "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң ырчы Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге таанылган.
Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап ага байланышканыбызда, туулган күнү жакшы маанайда башталганын билдирди.
"Таң эрте жолдошум, уулдарым жана келиним туулган күнүмө арнап мага коралл чач учтугун белекке беришти. Туулган күнүмдү элге кызмат кылып өткөрөйүн деп турам. Кыз узатуу тоюнда ырдап, жазуучу Акбар Рыскуловдун небересинин үйлөнүү тоюнда "Жар-жар" ырын аткарайын деп жатам. Мурдагы жылдары дагы туулган күнүмдө элдин кызматында жүргөн элем", - деди ырчы.