Ысык-Көл облусунда тургундардан мыйзамсыз сакталган 1 килограммга жакын баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ананьев айылында 30 жаштагы О.М. жана 33 жаштагы Б.Т. кармалган. О.Мнын жанынан 385 грамм, ал эми Б.Тнын жанынан 535 грамм марихуана табылган. Ошондой эле Түп РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган 33 жаштагы Т.Мнын шымынын чөнтөгүнөн 110 грамм маңзат алынган.
Учурда жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.