Ошто "айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан" деп шектелгендер 2 айга камалышты

Ошто "айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан" деп шектелгендер тергөө абагына 2 айга камалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Ош шаардык соту кечээ, 22-ноябрда чыгарган.

Айта кетсек, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Ж.М., 1994-жылы туулган К.Б., Д.А., М.К. жана 1993-жылы туулган М.Б. кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bilbeim.dordoi
2016-11-23 19:56:05
Комуп болуп эле жазылат( коомп деп сен жаз)
+11
Patriotkgz93
2016-11-23 21:50:44
Тообо кылдым адам өлтүрүү тоок өлтүүрүүдөй эле болуп калганго. (Ыйманга келеличи бир туугандар)
+5
ronni07
2016-11-23 22:59:33
2 саатка эле камабаптырда...
-3
Sagyn.91
2016-11-24 00:36:41
Жапалак айыл окмоту Ош шаарына карайт. Кара-Суу районуна карабайт.
Андыктан тактап анан жазсаныздар, Жапалак а/о, айыл окмотт 15 ке жакын айылдарга болунуп кетет. Мен Жапалактан болом.
+2
Barika
2016-11-24 02:10:22
Sagyn.91,
Ноокатка карай кетип жаткан жолдун оң жагы Ош шаарына сол жагы Кара-суу районуна карайт.
+3
Bekbolot.akylbek
2016-11-24 02:31:33
Giza, ким окуткан сени ха ха
0
den.0189
2016-11-24 18:24:10
Barika туура айтат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан