ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков 75 жашка толду

Советтик жана орусиялык телеалпаруучу Александр Масляков 75 жашка толду. Ал Орусиянын Свердловск же азыркы Екатеринбург шаарында туулган.

Александр Масляков - Орусиянын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Орус телевидениесинин академиясынын академиги, ошондой эле көпчүлүк сүйүп көргөн белгилүү Шайырлар жана тапкычтар клубунун (КВН) телеберүүсүнүн туруктуу алып баруучусу жана жетекчиси. Ал аталган телекөрсөтүүнү 1986-жылдан тартып алып бара баштаган.

А.Масляковдун жеке жашоосу дагы Шайырлар жана тапкычтар клубу менен тыгыз байланышта. Себеби анын жубайы - аталган клубдун режиссёру Светлана Смирнова. 1980-жылы экөөнүн ортосунда Александр аттуу уулу төрөлгөн. Ал дагы ата-энесинин жолун жолдоп, "Планета КВН", "Оюн сыртында", "Премьер-Лига КВН" программаларынын алып баруучусу болгон.

24-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан