Түркияда 9,5 миллион доллар менен кармалган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү "Ататүрк" аэропортунан Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Түркиянын жарандары кармалган. Алардын жанынан декларацияланбаган 9,5 миллион доллар табылган.
Кармалгандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны болгон. Түркиядагы "Йенисафак" гезити алар Темур Кочкоров жана Дайырбек Тойгонбаев экенин жазды.
Жогорудагы акчанын 5 миллион 359 миң доллары "Ташкент Голд" ишканасына, ал эми калганы дагы башка 4 фирмага таандык экени аныкталган. Жергиликтүү айрым басылмалар бул акчалар Фетхуллах Гүлендин адамдарына келгенин жазып чыгышты.