Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алган жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-ноябрь күнү саат 19:14 чамасында болгон. Анда 1993-жылы туулган К.Т. Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жипке байлап жерге алып түшүшкөн.

Ленин РИИБинен билдиришкендей, 23 жаштагы жигит ошол учурда мас абалда болгон. Үйдүн чатырына секирүү максатында чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mambo-1984
2016-11-24 10:27:38
ичкилик эмнеге кана алып келбейт ээ.
+1
A3A
2016-11-24 10:56:28
mambo-1984, ээ дегенден кийин суроо белгиси
-7
Djal1987
2016-11-24 14:52:35
A3A,туура айтасыз, азыр копчулук туура эмес жазышат.
+1
jengoo
2016-11-24 11:16:10
Секирбейсинби секиргени чыккандан кийин.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан