ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: Кубаныч Сатаев бүгүнкү туулган күнүн досторунун курчоосунда белгилейт

Бүгүн, 24-ноябрда легендарлуу ырчы Чубак Сатаевдин уулу, ырчы Кубаныч Сатаев 35 жашка толду. Ырчы туулган күнүн достору менен белгилей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Өзүм туулган күнгө андай деле маани бербейм. Буга чейин туулган күнүмдө көбүнчө башка аймактарга гастролдоп, жолдо болуп калчумун. Ал эми бүгүн өздүк майрамымды кечинде Бишкектеги кафелердин биринде досторум менен өткөрөйүн деп жатам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кубаныч Сатаев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Ал атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет.

24-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muratkg
2016-11-24 16:31:10
Туулган кунун кут болсун. Менден кичуу деп журсом эки жаш улуу экенсин. Бактылуу бол.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан