Бир кезде популярдуу болгон британиялык "Spice Girls" тобунун жаңы "Song For Her" ыры интернетке чыкты. Чет элдик басылмалар бул топтун акыркы 15 жылдагы жаңы ыры экенин жазып чыгышты. Чыгарманы топтун ырчылары: Жери Холлиуэлл, Эмма Бантон жана Мелани Браун жаздырып чыгышкан. "Калемпир кыздар" быйыл топтун түзүлгөнүнө 20 жыл болгонуна карата биригишкен.
2008-жылдан бери топтун биригери тууралуу маалыматтар токтой элек болчу. Жадакалса топтун жогоруда аталган ырчылары трио болуп, "GEM" деген аталыш менен топ ачары айтылган. Ал эми ушул жылдын июль айында Мелани Браун: "Биздин топ “Spice Girls” боюнча эле калат, журналисттер адаштырып алышса керек. "GEM" - бул үчөөбүздүн ысымдарыбыздын баш тамгасы, биздин сайттын аталышы. Учурда үчөөбүз ыр жаздырдык, ал ырлар жакында жарыкка чыгат", - деп билдирген эле.
Бул жолу топто ырдоого Виктория Бекхэм менен Мелани Чисхолм баш тартышкан.