"Бишкек-1" темир жол бекетинде кызматкер эки вагондун ортосуна кыпчылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.
"Кырсык түнү "Бишкек-1" темир жол бекетинде болду. Дароо "Тез жардам" кызматы чакыртылып, ооруканага алып кетишкен. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы. Окуя боюнча комиссия түзүлдү. Алар кырсыктын чоо-жайын тактап жатышат", - дейт Эркин Каимов.